Россия Кыргызстандын 180 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди
Россияда иштеген Кыргызстандын 180 жаранына пенсиянын бир бөлүгү чектелди. Бул тууралуу КРнын Социалдык фондунан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашуунун негизинде жарандар башка мамлекетте иштеген мезгили үчүн пенсия алуу укугуна ээ болушат.
Аталган макулдашуу 2021-жылдын 1-январынан тартып колдонулуп келет. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирет.
Өз кезегинде Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн 201 жаранына пенсия чектеген. Алардын ичинен 181и Россиянын, 17си Казакстандын жана үчөө Беларустун жарандары.
Соцфонддун маалыматына караганда, бул макулдашуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенген жарандардын пенсиялык укуктарын камсыздоого багытталган.