Кыргызстандык жана чехиялык компаниялардын бизнес-жолугушуусу өттү
14-октябрда Бишкектеги "Ырыс-Ордо" конгресс-холлунда Кыргызстан менен Чехиянын транспорт тармагындагы бизнес-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик баштаган делегациянын расмий сапарынын алкагында уюштурулду.
Жолугушууда эки өлкөнүн компания өкүлдөрү B2B жана B2G форматтарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Тараптар өз компанияларынын ишмердүүлүгү, тажрыйбасы жана кызматташуу багыттары тууралуу маалымат берип, транспорт жана логистика тармагындагы өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Бул жолугушуу түз бизнес байланыштарды түзүүгө, тажрыйба алмашууга жана эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.