Төө-Ашуу ашуусунда жүргүнчү ташыган кичи автобустарга чектөө киргизилди
15-октябрдан тарта Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусу аркылуу жүргүнчү ташыган кичи автобустардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө караганда, чектөө 2026-жылдын 15-октябрынан 2027-жылдын 15-майына чейин күчүндө болот. Мындай чечим кыш мезгилинде жол кырсыктарынын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.
Мекеме жалпы айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө - сапарларын алдын ала пландап, жолдогу убактылуу чектөөлөрдү жана аба ырайын эске ала жүрүүнү сунуштайт.

