Жарандык биримдик жана улуттук иденттүүлүк жөнүндө мыйзам долбоору сунушталууда
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарандык биримдикти бекемдөө жана улуттук иденттүүлүктү өнүктүрүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ жарандык биримдикти чыңдоого, тарыхый жана маданий мурастарды сактоого, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандык билим берүү жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган.
Долбоордо мамлекеттин бул багыттагы саясаты адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо, мыйзам алдында теңдикти камсыз кылуу, басмырлоого жол бербөө жана этностук, маданий, тилдик жана диний көп түрдүүлүктү урматтоо принциптерине негизделери белгиленген.
Мыйзам долбоору адамга белгилүү бир иденттүүлүктү таңуулоону караштырбайт. Анда ар бир адамдын этностук, маданий, тилдик, диний, дүйнө таанымдык жана саясий өзгөчөлүгүн өз алдынча аныктоо укугу каралган.
Документке ылайык, мамлекеттик саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жарандык билим берүүнү жана укуктук агартууну өнүктүрүү;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен тилдик көп түрдүүлүктү сыйлоо;
- тарыхый жана маданий мурастарды сактоо;
- илимий изилдөөлөрдү жана ата мекендик маданий мазмунду колдоо;
- медиасабаттуулукту жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
- этностор аралык, маданияттар аралык, конфессиялар аралык диалогду чыңдоо;
- жаштардын жана аймактардагы коомдук демилгелерди колдоо.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү, адабий, көркөм жана журналисттик ишмердиктин эркиндигин коргоого өзгөчө көңүл бурулган.
Долбоордо мамлекеттик органдар расмий маалыматтарды жарыялаганда, мүмкүн болгон учурда, маалыматтын булагын жана аны түзүү методологиясын көрсөтүшү керектиги да каралган.
Мыйзам долбоору 6-ноябрга чейин коомдук талкууда болот.