Баткенде 29,7 млн сомго 2 бала бакча ачылды

Баткенде 29,7 млн сомго 2 бала бакча ачылды

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылында эки бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, алар "Келечек Үмүтү" бала бакчасы жана "Ак-Жолтой" бала бакчасынын кошумча корпусу. Ачылыш айылда мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Биринчи объект - Ынтымак жерлигиндеги "Келечек Үмүтү". Анын курулушуна жалпы 18 млн сом жумшалган. Каражат облустук фонддон 4 млн, райондук фонддон 5 млн, KOICA уюмунан 2 млн жана айыл өкмөтүнөн 7 млн сом болуп бөлүнгөн. Имарат 24 орунга ылайыкталып салынса да, учурда 50 бала тарбияланууда.

Экинчиси - "Ак-Жолтой" бакчасынын кошумча корпусу. Негизги корпус 100 орундуу болуп, 150 бала окуп келген. Жаңы корпус Ага Хан фондунун "Патрип" долбоору менен салынды. Долбоордун баасы 11 млн 751 миң сом, анын 2 млн сому айыл өкмөтүнөн.

Жаңы корпуста 2 окуу бөлмөсү жана усулдук бөлмө бар. Анын ишке кириши менен дагы 30 балага орун түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

КРУБ жана Ислам каржы ассоциациясы кызматташуу меморандумуна кол коюшту

КРУБ жана Ислам каржы ассоциациясы кызматташуу меморандумуна кол коюшту

Бүгүн Улуттук банкта ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Улуттук банк жана “Ислам каржы ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси кол коюшту. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, меморандум ислам каржылоо принциптери жаатындагы калктын финансылык сабаттуулугунун жана маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатууну көздөйт. Ошондой эле финансы рыногунун катышуучуларынын кесиптик

Ишкер Media
“Балага сүйүнчү” төлөмүн берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда

“Балага сүйүнчү” төлөмүн берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстанда бала төрөлгөндө берилүүчү “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн дайындоо жана төлөө тартибин жаңылоо сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 15-октябрда коомдук талкууга коюлган жана ал 30-октябрга чейин талкууланат. Документке ылайык, “Балага сүйүнчү” төлөмүнүн өлчөмү төмөнкүдөй белгиленет: * Бир бала төрөлгөндө — 4 миң сом; * Бир мезгилде үч же андан көп бала

Ишкер Media
Кыргызстан картошканы импорттоого алты айга тыюу салынды

Кыргызстан картошканы импорттоого алты айга тыюу салынды

Кыргызстанда картошканын ички өндүрүшү калктын жылдык керектөөсүн толук камсыз кылууга жетиштүү болгондуктан, анын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бул чектөө Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүчү картошкага, илимий-изилдөө, сыноо

Ишкер Media
Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди

Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин ишине катышууда. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу

Ишкер Media