“Балага сүйүнчү” төлөмүн берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда
Кыргызстанда бала төрөлгөндө берилүүчү “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн дайындоо жана төлөө тартибин жаңылоо сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 15-октябрда коомдук талкууга коюлган жана ал 30-октябрга чейин талкууланат.
Документке ылайык, “Балага сүйүнчү” төлөмүнүн өлчөмү төмөнкүдөй белгиленет:
- Бир бала төрөлгөндө — 4 миң сом;
- Бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлсө — ар бир балага 50 миң сом.
Белгилей кетсек, бул суммалар азыркы төлөмдөрдүн өлчөмүнө туура келет. Долбоордун демилгечиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мында жөлөкпулдун суммасын көбөйтүү эмес, аны берүү тартибин жакшыртууну сунуштап жатат.
Жаңы жобо кабыл алынса, “Балага сүйүнчү” төлөмүнө байланыштуу мурда кабыл алынган бир катар өкмөттүк токтомдор күчүн жоготот.