КРУБ жана Ислам каржы ассоциациясы кызматташуу меморандумуна кол коюшту
Бүгүн Улуттук банкта ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Улуттук банк жана “Ислам каржы ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси кол коюшту. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, меморандум ислам каржылоо принциптери жаатындагы калктын финансылык сабаттуулугунун жана маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатууну көздөйт. Ошондой эле финансы рыногунун катышуучуларынын кесиптик билимин өркүндөтүүгө, илимий, билим берүү жана эксперттик кызматташтыкты өнүктүрүү максатында тараптардын өз ара аракеттенүүсүнө багытталган.
Бул демилге Кыргыз Республикасында ислам каржылоо инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн маанилүү - деп, айтылат билдирүүдө.