Кыргызстан картошканы импорттоого алты айга тыюу салынды
Кыргызстанда картошканын ички өндүрүшү калктын жылдык керектөөсүн толук камсыз кылууга жетиштүү болгондуктан, анын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев кол койду.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бул чектөө Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүчү картошкага, илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш чараларды жүргүзүү үчүн ташып келинүүчү картошкага тиешелүү эмес.
Эске салсак, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан КР аймагына картошканы ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизүү тууралуу токтомунун долбоору 29-сентябрда коомдук талкууга коюлуп, 14-октябрда аяктаган.