Токтогулда асфальт төшөөгө 36 млн сом бөлүндү
Токтогул районунда Бууракан-Үч-Терек жергиликтүү жолунун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Токтогул райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол Элмирбек Иманалиев айыл аймагына карайт. Оңдоо республикалык бюджеттен каржыланып, долбоордун баасы 36 миллион сомду түзөт.
Ишти №30 Жол эксплуатациялоо ишканасы жүргүзүүдө. Жумушчулар белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү үчүн түнкү убакта да иштөөдө.
Жол оңдолуп бүтсө, жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу каттам түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот.