Зардалыга барчу 6,4 чакырым жол асфальтталды

Зардалыга барчу 6,4 чакырым жол асфальтталды

Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылына барчу жолдун 6,4 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу өткөн тилке быйылкы титулдук тизмеде каралган. Ишти №2 Жол эксплуатациялоо мекемеси толук аяктады.

Жолдун оңдолушу тоолуу айылдын тургундары үчүн каттамды жеңилдетти.

Айыл тургундары өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана жолчуларга ыраазычылык билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Курулуштагы мыйзам бузуудан мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилген

Курулуштагы мыйзам бузуудан мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилген

Чүй облусунун прокуратурасы Чүй башкы суу чарба башкармалыгында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, текшерүүдө 2025-жылы курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, сметалык баа негизсиз жогорулатылып, бетон пайдубал-тирөөчтөрдү курууда аткарылган иштердин актыларына жалган маалыматтар киргизилген. Башкача айтканда, кагазда иш көп көрсөтүлүп, иш жүзүндө

Ишкер Media
Камсыздандыруу уюму жол кырсыгынан жабыркагандарга 5 млн сомдук төлөм берди

Камсыздандыруу уюму жол кырсыгынан жабыркагандарга 5 млн сомдук төлөм берди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган 57 жаранга жалпы 5 миллион 230 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн берди. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришет. Маалыматка ылайык, уюм учурда дагы жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. "Камсыздандыруунун мааниси, камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу тартиби жана жол кыймылынын эрежелерин сактоонун зарылдыгы

Ишкер Media
Ишкерлер жумушсуздарды ишке алганы үчүн 150 миң сом алат

Ишкерлер жумушсуздарды ишке алганы үчүн 150 миң сом алат

Эмгек министрлиги "Социалдык контракт" программасынын алкагында ишкерлер менен биргеликте жумуш орундарын түзүү боюнча жаңы пилоттук долбоорун баштады. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, долбоордо ишкерлерге бир жумушсуз жаранды расмий жумушка алганы үчүн 150 миң сом кайтарымсыз акча берилет. Бир ишкер 5

Ишкер Media
Банк карталары жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Банк карталары жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Келечекте банк карталары пластик түрүндө колдонулбай калышы мүмкүн. Бирок алардын өзү эмес, физикалык формасы жоголуп, карта банк тиркемесиндеги виртуалдык белгиге айланышы ыктымал. Мындай божомолду Россиядагы Т-Банктын продукт боюнча директору Никита Буклиш РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген. Анын пикиринде, келечекте кардарлар банк тиркемеси аркылуу карта ача беришет, бирок пластик

Ишкер Media