Банк карталары жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Банк карталары жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Келечекте банк карталары пластик түрүндө колдонулбай калышы мүмкүн. Бирок алардын өзү эмес, физикалык формасы жоголуп, карта банк тиркемесиндеги виртуалдык белгиге айланышы ыктымал. Мындай божомолду Россиядагы Т-Банктын продукт боюнча директору Никита Буклиш РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген.

Анын пикиринде, келечекте кардарлар банк тиркемеси аркылуу карта ача беришет, бирок пластик картаны колуна албай калышы мүмкүн.

Буклиш белгилегендей, смартфон бүгүнкү күндө эле банк картасын алмаштыра баштады. Телефон аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү айрым учурларда кадимки пластик картага караганда кеңири функцияларды сунуштайт.

Картасыз төлөмдөрдүн үлүшү өсүүдө

Россиянын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи чейрегинде QR-код, биометрикалык маалыматтар, төлөм тиркемелери жана башка картасыз төлөм ыкмалары активдүү колдонула баштаган.

Мындай ыкмалардын накталай эмес төлөмдөрдүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү бир чейректе 0,8 пайыздык пунктка өсүп, 14,9%га жеткен.

Азырынча банк карталары жакынкы убакта толугу менен жоголот деп айтууга негиз жок. Бирок төлөм технологияларынын өнүгүшү адамдардын акча колдонуу адаттарын өзгөртүп жатат.

Смартфон, QR-код жана башка санариптик төлөм ыкмалары кеңири жайылган сайын пластик картага болгон муктаждык азайышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Дагы эки жума калды: DemirBank онлайн-кредит боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандоону сунуштайт

Дагы эки жума калды: DemirBank онлайн-кредит боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандоону сунуштайт

2026-жылдын 2-ноябрга чейин DemirBankтын кардарлары онлайн-кредит боюнча жылдык 0%дан 19,99%га чейинки каалаган пайыздык ченди өз алдынча тандай алышат. Өтүнмөнү мобилдик тиркеме аркылуу берүүгө болот. Анда тандалган пайыздык чендин жактырылуу ыктымалдыгынын болжолдуу көрсөткүчү чагылдырылат. Акцияга катышуу үчүн DemirBank мобилдик тиркемесине кирип, онлайн-кредит алууга өтүнмө

Ишкер Media
Ишкердикти өнүктүрүү фонду ири суммадагы насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

Ишкердикти өнүктүрүү фонду ири суммадагы насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

КРнын Улуттук банкы “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААКсын микрокредиттик компаниядан (МКК) микрофинансылык компанияга (МФК) кайра түзүүгө макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын Юстиция министрлигине жөнөткөн расмий катында белгиленген. Ишкердикти өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, кайра түзүлүү процесси толук аяктагандан кийин фонд берилүүчү насыянын максималдуу суммасын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Насыялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши

Ишкер Media
Курулуштагы мыйзам бузуудан мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилген

Курулуштагы мыйзам бузуудан мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилген

Чүй облусунун прокуратурасы Чүй башкы суу чарба башкармалыгында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, текшерүүдө 2025-жылы курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, сметалык баа негизсиз жогорулатылып, бетон пайдубал-тирөөчтөрдү курууда аткарылган иштердин актыларына жалган маалыматтар киргизилген. Башкача айтканда, кагазда иш көп көрсөтүлүп, иш жүзүндө

Ишкер Media
Камсыздандыруу уюму жол кырсыгынан жабыркагандарга 5 млн сомдук төлөм берди

Камсыздандыруу уюму жол кырсыгынан жабыркагандарга 5 млн сомдук төлөм берди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган 57 жаранга жалпы 5 миллион 230 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн берди. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришет. Маалыматка ылайык, уюм учурда дагы жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. "Камсыздандыруунун мааниси, камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу тартиби жана жол кыймылынын эрежелерин сактоонун зарылдыгы

Ишкер Media