Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн өттү
Кечээ, 18-октябрда 79 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси, көрүнүктүү архитектор Эдил Айдарбекович Айдарбеков дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришет.
Эдил Айдарбеков 1947-жылдын 21-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында төрөлгөн. 1970-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин аяктаган.
Эмгек жолунда «Кыргызгипрострой» мамлекеттик долбоорлоо институтунда жана «Фрунзегорпроектте» архитектор болуп иштеп, өлкөнүн архитектура жана шаар куруу тармагынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон.
1976-жылдан тартып СССР Архитекторлор союзунун мүчөсү болгон.Анын мамлекеттик маанидеги эң көрүнүктүү эмгектеринин бири — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун иштеп чыгууга катышкандыгы.
Эдил Айдарбеков Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков менен биргеликте өлкөбүздүн башкы мамлекеттик символдорунун биринин автору болгон. Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган.Өлкөнүн маданиятына жана архитектурасына кошкон салымы үчүн 2011-жылы «Даңк» медалы менен сыйланып, 2022-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына татыган.
Ошондой эле Н. Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунда ага окутуучу болуп эмгектенип, жаш адистерди даярдоого жана кесиптик тажрыйбасын кийинки муунга өткөрүп берүүгө салым кошкон.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Эдил Айдарбековдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.