Астанада ЕАЭБ өлкөлөрү транспорттук саясатты талкуулады

Астанада ЕАЭБ өлкөлөрү транспорттук саясатты талкуулады

Транспорт министри Талантбек Солтобаев Астанада өткөн "NEW SILK WAY" форумунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт боюнча жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жыйында ЕАЭБдин макулдашылган транспорттук саясатын ишке ашыруу, эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, инфраструктуралык чектөөлөрдү жоюу жана бирликтин транзиттик потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жыйында министр Талантбек Солтобаев Кыргызстан ЕАЭБдин макулдашылган транспорттук саясатын ишке ашырууга жигердүү катышып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, өлкө транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө, транспорттук коридорлордун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана жүк ташуудагы тоскоолдуктарды азайтууга багытталган иштерди жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Түркияда, Түштүк Кореяда иштеген Кыргыз жарандары пенсияга чыга алышат

Түркияда, Түштүк Кореяда иштеген Кыргыз жарандары пенсияга чыга алышат

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Социалдык фонд маалымдайт. Маалым болгондой, 2020-жылдан тартып Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. "Эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 430 суроо-талап жиберилген,

Ишкер Media
Кыргыз-орус акыйкатчылары укуктук жардам борборун түзүүнү сүйлөштү

Кыргыз-орус акыйкатчылары укуктук жардам борборун түзүүнү сүйлөштү

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантрантова менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, жолугушуу 16-октябрда Москва шаарында өттү. Тараптар жарандардын укуктарын коргоодогу негизги маселелерди жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жолугушуунун эң маанилүү маселеси катары биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү

Ишкер Media
Жалал-Абаддагы жолдун 4 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Жалал-Абаддагы жолдун 4 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусундагы Комсомол – Барпы – Түрк-Абад унаажолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.  Маалыматка ылайык, аталган жолдун жалпы узундугу 5 чакырым 400 метрди түзөт. Учурда жолдун 4 чакырым бөлүгү төрт тилкелүү болуп, эки катмар асфальт толук төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүп

Ишкер Media
Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн өттү

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн өттү

Кечээ, 18-октябрда 79 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси, көрүнүктүү архитектор Эдил Айдарбекович Айдарбеков дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришет. Эдил Айдарбеков 1947-жылдын 21-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында

Ишкер Media