Жалал-Абаддагы жолдун 4 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Жалал-Абаддагы жолдун 4 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусундагы Комсомол – Барпы – Түрк-Абад унаажолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

 Маалыматка ылайык, аталган жолдун жалпы узундугу 5 чакырым 400 метрди түзөт.

Учурда жолдун 4 чакырым бөлүгү төрт тилкелүү болуп, эки катмар асфальт толук төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Жол куруу иштерине 15 самосвал, 2 каток, 1 асфальт төшөөчү техника, 3 экскаватор жана 10 жүк ташуучу унаа тартылып, 20га жакын кызматкер эмгектенүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 109 млн сомго 150 орундуу мектеп курулууда

Ошто 109 млн сомго 150 орундуу мектеп курулууда

Ош облусунун Араван районундагы Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109 миллион сомду түзөт. Мектеп эки кабаттуу, үч блоктон турат. Анда окуучулар үчүн бардык шарттар каралган: предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы,

Ишкер Media
Түркияда, Түштүк Кореяда иштеген Кыргыз жарандары пенсияга чыга алышат

Түркияда, Түштүк Кореяда иштеген Кыргыз жарандары пенсияга чыга алышат

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Социалдык фонд маалымдайт. Маалым болгондой, 2020-жылдан тартып Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. "Эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 430 суроо-талап жиберилген,

Ишкер Media
Кыргыз-орус акыйкатчылары укуктук жардам борборун түзүүнү сүйлөштү

Кыргыз-орус акыйкатчылары укуктук жардам борборун түзүүнү сүйлөштү

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантрантова менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, жолугушуу 16-октябрда Москва шаарында өттү. Тараптар жарандардын укуктарын коргоодогу негизги маселелерди жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жолугушуунун эң маанилүү маселеси катары биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү

Ишкер Media
Астанада ЕАЭБ өлкөлөрү транспорттук саясатты талкуулады

Астанада ЕАЭБ өлкөлөрү транспорттук саясатты талкуулады

Транспорт министри Талантбек Солтобаев Астанада өткөн "NEW SILK WAY" форумунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт боюнча жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ЕАЭБдин макулдашылган транспорттук саясатын ишке ашыруу, эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, инфраструктуралык чектөөлөрдү жоюу жана бирликтин транзиттик потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды. Жыйында

Ишкер Media