Өлкөдө жаңы авиакомпанияларды ачууга киргизилген мораторий алынды
Кыргызстанда жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификатын (AOC) берүүгө киргизилген тыюу алынды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кабарлап, мындай чечим өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
2024-жылы киргизилген мораторий учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана авиация тармагын реформалоого багытталган убактылуу чара болгон.
"Бул мезгилде жарандык авиациянын улуттук системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү. Анын маанилүү натыйжаларынын бири - 2026-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылышы болду", - деп айтылат маалыматта.
Авиация агенттиги мораторийдин алынышы инвестицияларды тартууга, жаңы авиакомпанияларды түзүүгө, ички жана эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
"Бирок бул учуулардын коопсуздугуна коюлган талаптардын жеңилдетилишин билдирбейт. Ар бир жаңы авиакомпания толук сертификациялоо жол-жобосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине жана ИКАОнын колдонулуучу стандарттарына шайкештигин тастыктоого милдеттүү", - деп кошумчалашты мекемеден.
Авиакомпаниялар реалдуу аба кемелерине, квалификациялуу персоналга, зарыл инфраструктурага жана коопсуз ишмердүүлүк үчүн жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек.
Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги аба кемелеринин техникалык абалына, персоналдын даярдыгына, учуу ишмердүүлүгүнө жана коопсуздукту башкаруу системаларына катуу көзөмөл жүргүзөт.