"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат
“Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору мекемесинин маалымат кызматы кабарлайт.
Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.
Мечиттин курулушу жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен каржыланат. Бул ар бир каалоочуга аталган долбоордун ишке ашырылышына өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет.
Курулуш иштерин 2026-жылдын аягында баштоо, ал эми 2027-жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда.