Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгеленүүдө
Кыргызстан 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-мааракелик жыйынында билдирди.
Министр буга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту колдоого чакырды.
“Кыргыз Республикасы 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Ушуга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту колдоого чакырам”, — деди министр.
Ошондой эле ал 2027-жылы Кыргызстанда жаштардын көп тараптуу билим, тажрыйба алмашуу программасын жана жаш лидерлер менен ишкерлердин форумун өткөрүү ниети бар экенин белгиледи.
Мындан тышкары, министр Түркия тарап мурда сунуштаган түрк тилдүү өлкөлөрдүн шахмат боюнча турнирин мындан ары да өнүктүрүп, өткөрүүнү сунуштады. Анын пикиринде, бул демилге жаштарды интеллектуалдык спортко кеңири тартууга, стратегиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Мирбек Мамбеталиев жаштар саясатын жалпы келечекке жумшалган маанилүү инвестиция катары мүнөздөп, Кыргызстан ТМУга мүчө өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.
Министрдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаштар калктын үчтөн бир бөлүгүн же 2,5 миллиондон ашуун адамды түзөт. Өлкөдө жаштардын демилгелерин ишке ашыруу, чыгармачылыгын өнүктүрүү жана бош убактысын натыйжалуу уюштуруу максатында жаштар борборлору курулууда. Быйыл төрт борбор пайдаланууга берилген.
Ошондой эле министр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары түрк мамлекеттеринин кызматташтыгын бекемдеген маанилүү аянтча экенин белгиледи. Анын айтымында, 2014-жылы башталган долбоор бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлдеги иш-чарага айланды. Кыргызстан оюндардын кийинки өткөрүлүшүн Татарстан Республикасына өткөрүп берүү эстафетасы алардын глобалдык аянтча катары өнүгүп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.