Онкология борборуна 2,5 млрд сом бөлүнөрү айтылды

Онкология борборуна 2,5 млрд сом бөлүнөрү айтылды

Өлкөдө октябрь айында эмчек рагынын алдын алууну түшүндүргөн иш-чаралар өтөт. Мындай иш-чара 21-октябрда Улуттук онкология жана гематология борборунун алдында өттү. Иш-чарага катышкан Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып буларды билдирди.

"Жыл сайын Онкология борборунун бюджети 200 млн сомду түзчү. Бул каражат Жогорку технологиялык борборуна дары-дармек алууга берилчү. Химиялык таргеттик дарыларды бейтаптар өз чөнтөгүнөн сатып алчу. 2025-жылдан тарта өлкө казынасынан биринчи жолу 800 млн сом бөлүнгөн. Өкмөттүн, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен келерки жылга 2,5 млрд сом бөлүнгөнү турат", - деди Букуев.

Акыйкатчы институту буга чейин Онкология борборун ракты дарылоо үчүн зарыл каражаттар жана 80дей аталыштагы дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн кеминде 2,5 млрд сом талап кылынарын айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги рейдде 22 миң сом айып пул салынды

Баткендеги рейдде 22 миң сом айып пул салынды

Баткен районунда автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерге шайкештигин аныктоо максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен бүгүн билдирди. Рейддин жүрүшүндө 20дан ашуун жүк ташуучу жана жеңил унаа текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында айрым транспорт каражаттарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын өлчөмү белгиленген ченемдерден ашканы аныкталды.

Ишкер Media
Социалдык тармакта мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзгөн үч жаранга эскертүү берилди

Социалдык тармакта мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзгөн үч жаранга эскертүү берилди

Борбордук шайлоо комиссиясы социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерине каршы келүү белгилери бар материалдарды жарыялаган үч жаранга эскертүү берип, билдирүүлөрүн өчүрүүнү милдеттендирди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-октябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары каралды. Анын натыйжасында, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн

Ишкер Media
Сузак районунда 5 жылда 60 социалдык объект пайдаланууга берилди

Сузак районунда 5 жылда 60 социалдык объект пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сузак районунун 2021-2026-жылдардагы өнүгүү жыйынтыктарын укту. Бул тууралуу анын администрациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Сузак районунда 5 жылда 25 мектеп жана 12 бала бакчаны кошкондо, жалпысынан 60 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Көрсөтүлгөн мезгилде райондо 305,8

Ишкер Media
Жалал-Абадда 179 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жатат

Жалал-Абадда 179 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жатат

Жалал-Абад облусунда мектептерди, бала бакчаларды, маданият жана саламаттык сактоо мекемелерин, ошондой эле суу менен камсыздоо жана ирригация объектилерин камтыган 179 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн аймактын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2026-жылы облустагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга

Ишкер Media