Жалал-Абадда 179 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жатат
Жалал-Абад облусунда мектептерди, бала бакчаларды, маданият жана саламаттык сактоо мекемелерин, ошондой эле суу менен камсыздоо жана ирригация объектилерин камтыган 179 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн аймактын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, 2026-жылы облустагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга Турукташтыруу фонду жана "Капиталдык салымдар" беренеси аркылуу 10 млрд 211 млн сом багытталган.
Анын ичинде Манас шаарындагы "Акылман" президенттик лицейинин курулушуна 1,7 млрд сом, жалпы билим берүүчү мектептерди курууга дээрлик 1 млрд сом бөлүнгөн.
Мындан тышкары, Түштүк аймактык илимий кардиологиялык комплексин курууга 1 млрд сом, облустук клиникалык оорукананын жаңы корпусуна 590 млн сом каралган.
Ал эми Токтогул шаарын комплекстүү өнүктүрүүгө, анын ичинде оорукана, мектеп жана бала бакча курууга, жолдорду оңдоого, суу жана канализация системаларын жакшыртууга 1 млрд 284 млн сом бөлүнгөн.
Президент аймактагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу мындан ары да улантыларын белгиледи.