Социалдык тармакта мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзгөн үч жаранга эскертүү берилди

Социалдык тармакта мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзгөн үч жаранга эскертүү берилди

Борбордук шайлоо комиссиясы социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерине каршы келүү белгилери бар материалдарды жарыялаган үч жаранга эскертүү берип, билдирүүлөрүн өчүрүүнү милдеттендирди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары каралды. Анын натыйжасында, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын бузуу белгилери бар материалдар аныкталды.

"Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти" - деп айтылат билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертип - жарандарды, талапкерлерди, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын мыйзам талаптарын сактоого чакырууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргыз-Ата" паркында канализация курулушу 95% бүттү

"Кыргыз-Ата" паркында канализация курулушу 95% бүттү

Ош облусунун Ноокат районундагы "Кыргыз-Ата" жаратылыш паркында канализация системасы курулууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалымдалгандай, азыркы учурда негизги иштер - саркынды сууларды тазалоочу курулма жана трассага түтүктөрдү орнотуу толук аяктады. Мурдаш тарабындагы 200 куб метрлик кошумча тазалоочу курулманын курулушу жүрүп жатат. Жалпы курулуштун 95%ы бүттү.

Ишкер Media
Президент Сузактын тургундарынын көйгөйлөрүн укту

Президент Сузактын тургундарынын көйгөйлөрүн укту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда Манас шаарынын жана Сузак районунун активи менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдирди. Анда тургундар актуалдуу социалдык-экономикалык жана жеке маселелер боюнча Мамлекет башчысына түз кайрылышты. Жолугушуунун катышуучулары турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү, инфраструктураны өнүктүрүү,

Ишкер Media
Баткендеги рейдде 22 миң сом айып пул салынды

Баткендеги рейдде 22 миң сом айып пул салынды

Баткен районунда автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерге шайкештигин аныктоо максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен бүгүн билдирди. Рейддин жүрүшүндө 20дан ашуун жүк ташуучу жана жеңил унаа текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында айрым транспорт каражаттарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын өлчөмү белгиленген ченемдерден ашканы аныкталды.

Ишкер Media
Сузак районунда 5 жылда 60 социалдык объект пайдаланууга берилди

Сузак районунда 5 жылда 60 социалдык объект пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сузак районунун 2021-2026-жылдардагы өнүгүү жыйынтыктарын укту. Бул тууралуу анын администрациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Сузак районунда 5 жылда 25 мектеп жана 12 бала бакчаны кошкондо, жалпысынан 60 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Көрсөтүлгөн мезгилде райондо 305,8

Ишкер Media