Сузак районунда 5 жылда 60 социалдык объект пайдаланууга берилди
Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сузак районунун 2021-2026-жылдардагы өнүгүү жыйынтыктарын укту. Бул тууралуу анын администрациясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Сузак районунда 5 жылда 25 мектеп жана 12 бала бакчаны кошкондо, жалпысынан 60 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди.
Көрсөтүлгөн мезгилде райондо 305,8 чакырым жол асфальтталып, 137 чакырым тротуар төшөлгөн. Ошондой эле 49 чакырым суу түтүгү жана 28 чакырым канализация тармагы тартылган.
Өнөр жай тармагында 880 млн сом инвестиция салынып, 70 жумуш орду түзүлө турган гипсокартон чыгаруучу заводдун курулушу башталган. Мындан тышкары, 225 млн сом инвестиция тартылып, 30 жумуш ордун түзүү каралган мунайды кайра иштетүү ишканасынын курулушу боюнча долбоор ишке ашырылган.
Турак жай тармагында "Асман-Резиденс-4, 5, 6" ипотекалык турак жай комплекстери пайдаланууга берилди.
Учурда райондо "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун, "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун, Сузак айылындагы муниципалдык базардын жана Кызыл-Туу айыл аймагындагы мал базарынын курулушу уланууда.
Ошондой эле Кара-Дарыянын оң жээгине узундугу 8,8 чакырым коргоочу дамба куруу зарылдыгы белгиленди. Долбоор ишке ашса, райондун алты айылындагы 580 турак үйдү, беш социалдык объектти жана 680 гектар айыл чарба жерин коргоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Сузак районунун мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон каржылык каражаттар бөлүнөрүн билдирди.