Ноокенде 2021-жылдан бери 14 мектеп, 13 бала бакча курулду
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, жүргүзүлүп жаткан иштер жана келечектеги долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, 2021–2025-жылдары райондо 14 жаңы мектеп жана 13 бала бакча пайдаланууга берилген. Ошондой эле 17 мектепте жана 6 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Саламаттык сактоо тармагында 17 жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилсе, дагы 11 объект капиталдык оңдоодон өткөн. Спорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында 21 кичи футбол стадиону жана 11 спорт зал курулган.
Аймактын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча да бир катар иштер аткарылган. Анын ичинде 40 көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланып, 3,46 чакырым жол асфальтталган. Мындан тышкары, 6,8 чакырым суу түтүк тармагы тартылып, көчөлөргө жарык берүүчү чырактар орнотулган.
Жалпысынан 2021–2026-жылдары райондо 102,53 чакырым жол асфальтталып, 30 айылдын тургундары таза ичүүчү суу менен камсыз болгон.
Райондо жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу жана турак жай куруу иштери уланууда. 2026-жылы төрт ишкана ачылып, дагы алты ишкананы ишке киргизүү пландалууда. Келечектүү долбоорлордун катарында мунайды кайра иштетүүчү завод, мрамор плиталарын өндүрүүчү ишкана жана "Кең-Сай" цемент заводу бар.
Ипотекалык турак жай курулушунун алкагында Кочкор-Ата шаарында 954 батирлүү, Д. Садырбаев атындагы айыл аймагында 990 батирлүү турак жай комплекстери курулууда.
Ошол эле учурда райондо ичүүчү суу жана канализация тармактарын жаңылоо, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды салуу, ошондой эле заманбап оорукана куруу зарылдыгы белгиленди.
Президентке аймактагы актуалдуу көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча пландар тууралуу маалымат берилди.