Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө абаны эң көп булгаган булак – көмүр
Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө атмосферага бөлүнгөн зыяндуу газдардын дээрлик 80 пайызы көмүр менен иштеген станцияларга туура келет. Акыркы 15 жылда көмүрдөн өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү үч эседен ашык көбөйгөн. Муну менен катар абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын көлөмү да өсүүдө. Бул тууралуу Global Electricity Review 2026 баяндамасында айтылат.
Кыргызстанда электр энергиясынын 80 % жакынын ГЭС өндүрөт. Бул өлкөнүн энергетика тармагында абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын көлөмүн салыштырмалуу аз кармап турууга мүмкүндүк берет. Анткени ГЭСтер электр энергиясын өндүрүү үчүн көмүр же газ жагууга муктаж эмес. Бирок мындай система суунун көлөмүнө жана климаттык шарттарга өтө көз каранды.
Global Electricity Review 2026 маалыматына ылайык, Кыргызстанда электр энергиясын керектөө анын өндүрүшүнө караганда тез өсүүдө. Айрыкча суунун көлөмү азайган жылдары көмүр колдонуу көбөйүп, атмосферага бөлүнгөн көмүр кычкыл газы (CO₂) да көбөйүүдө.
Жетишпеген электр энергия чет өлкөлөрдөн импорттолуп алынууда. Анын үстүнө бир адамга эсептелген электр энергиясын керектөө 2021-жылдагы 2,33 мВт-сааттан 2025-жылы 2,68 мВт-саатка чейин өскөн. Андыктан, электр энергиясына болгон суроо-талаптын көбөйүшү калктын санынын өсүшүнө гана байланыштуу эмес.
Электр энергиясына болгон чектөөлөр качан алынат?
Кыргызстанда кыш мезгилинде электр энергиясы эң көп керектелген сааттарда чектөөлөр киргизилип келет.
22-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков мындай чектөөлөрдү 2028–2029-жылдары алып салуу пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул мөөнөт Кара-Кечеде курулуп жаткан жылуулук электр борборунун ишке киришине байланыштуу. Эгер курулуш иштери графикке ылайык жүрсө, объектти 2028-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.
Электр энергиясын өндүрүүнүн экологияга тийгизген таасири
Ири ГЭСтердин болушу Кыргызстанга электр энергиясын өндүрүүдө атмосферага уулуу газдардын салыштырмалуу аз өлчөмдө бөлүнүп чыгуусуна мүмкүндүк берет. 2025-жылы өлкөдө өндүрүлгөн ар 1 кВт-саат электр энергиясына орточо 153 гр CO₂ эквиваленти туура келген. Ал эми дүйнө жүзүндө бул көрсөткүч орточо 458 гр түзөт. Бул көрсөткүч дүйнөлүк орточо деңгээлден дээрлик үч эсе төмөн (Global Electricity Review 2026).
Акыркы 15 жылда көмүрдөн өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү дээрлик 3 эсеге: 0,6 дан 2 млрд кВт-саатка чейин өскөн. Ал эми газ мурдагы жылдарга салыштырмалуу акыркы мезгилде азайып, жылына 0,18дон 0,27 млрд кВт-саатка чейин болгон.
Абага бөлүнгөн зыяндуу газдардын 79 % көмүргө туура келет
Жалпысынан электр энергиясын өндүрүүдө абага бөлүнгөн зыяндуу газдарынын көлөмү 2010-жылдагы 1 млн тоннадан 2025-жылы 2,4 млн тоннага чейин көбөйгөн. Айрыкча 2015, 2021 жана 2025-жылдары бул көрсөткүч жогору болгон.
Бул мезгилдер ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү азайган жылдарга туура келет. Себеби, Кыргызстанда суу азайган сайын көмүрдөн электр энергиясын өндүрүүгө муктаждык көбөйүп, анын экологияга тийгизген таасири да күчөп жатат.
Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу үчүн Кара-Кечеде жаңы жылуулук электр борборун куруу пландалган. Маалыматка ылайык, объект 2028-жылы ишке кирсе, аны менен катар электр энергетикасындагы зыяндуу газдардын көбөйүшү мүмкүндүгү божомолдонууда.