Садыр Жапаров айдоо жерлерин сактап калууга чакырды

Садыр Жапаров айдоо жерлерин сактап калууга чакырды

Президент Садыр Жапаров айдоо жерлерин турак жай куруу үчүн трансформациялоону токтотуу керектигин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолугушууда айтты. Мамлекет башчысы Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор, ал эми 6 пайызын түздүктөр ээлей турганын белгиледи. Анын айтымында, түз жерлердин бир бөлүгүндө Бишкек, Ош шаарлары, облустук борборлор жана айылдар жайгашкан. Калган аймактардын басымдуу бөлүгү айыл чарбасына пайдаланылат.

“Советтер союзу тараганда калкыбыз 3 миллион болсо, азыр 7 миллионго жеттик. 2050-жылдары 10 миллионго жетебиз. Жеке турак жай салуу үчүн эле 360 гектардан жерди трансформациялай берсек, 20–30 жылда жер калбай калат. Ошондуктан бийиктикке карай курулуш жүргүзөлү деп жатабыз. Мисалы, Базар-Коргон районунда тогуз кабаттан турган 12 блок үй курулууда. Мындай болот деп мурда ойлогон эмеспиз. 10 гектар жерге дагы көп кабаттуу үйлөрдү курууну уланткыла”, — деди Садыр Жапаров.

Президент айдоо жерлерин сактоо азык-түлүк коопсуздугу үчүн да маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан айрым азык-түлүк продукциялары менен өзүн толук камсыздай албай, аларды Казакстан менен Россиядан импорттоого аргасыз болууда.

Ошондой эле мамлекет башчысы жер маселесине байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатканын белгилеп, айдоо жерлерин сактоо зарылдыгын туура түшүнүүгө чакырды.

“Муну айтсам, айрымдар “Садыр Жапаров кыргыздарга жер бербей, кытайларга 49 жылга жер берип жатат” деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Туура түшүнүү керек. Жетекчилердин да эсине салам. Мындан ары айдоо жерлерин трансформация кылууну токтотолу”, — деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 айда 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө 2026-жылдын 9 айында 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөржай көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өсүү темпи былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 106,5 пайызга өстү. "Ал эми, кайра иштетүү тармагында 92,7

Ишкер Media
Социалдык келишим программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каражат бөлүндү

Социалдык келишим программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каражат бөлүндү

Бишкекте 16 аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык келишим программасынын алкагында каражат бөлүнүп берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлап, шаардагы муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо иштери улантылып жаткандыгын билиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Свердлов районунда мамлекеттик социалдык келишим программасын ишке ашыруу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп, анын негизинде

Ишкер Media
Чүй электр тармактары ишканасынын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасы аныкталды

Чүй электр тармактары ишканасынын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасы аныкталды

УКМК тарабынан “КУЭТ” ААКнын Чүй электр тармактары ишканасынын кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схема аныкталды. Алар бир жыл бою электр энергиясын эсептөөчү приборлорду айланып өтүү менен электр тармагына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын пайдаланган абоненттен системалуу түрдө акча каражаттарын алып турушкан. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматка караганда, 2026-жылдын 22-октябрында КРнын

Ишкер Media
Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө абаны эң көп булгаган булак – көмүр

Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө абаны эң көп булгаган булак – көмүр

Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө атмосферага бөлүнгөн зыяндуу газдардын дээрлик 80 пайызы көмүр менен иштеген станцияларга туура келет. Акыркы 15 жылда көмүрдөн өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү үч эседен ашык көбөйгөн. Муну менен катар абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын көлөмү да өсүүдө. Бул тууралуу Global Electricity Review 2026 баяндамасында айтылат. Кыргызстанда электр

Ишкер Media