Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди.
Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында башталган.