Жогорку Кеңештин депутаттары 2-6-ноябрь күндөрү аймактарда иштешет
28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө» токтом долбоору каралып, кабыл алынды. Ага ылайык, эл өкүлдөрү 2-6-ноябрь күндөрү аймактарда шайлоочулар менен иштешет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.
Буга чейин өлкө башчы, Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун бардык район шаарларын кыдырып, эл менен жолугуп чыкты. Анда президентке бир канча тургун өз көйгөйлөрүн айтып, жеринде облус жетекчилерине тапшырмалар берилген.
Өз сөзүндө президент аткаминерлер аймактарга бат-баттан чыгып, эл менен иштөө керектигин, жеринен маселелерди чечүүнү айткан.