Эмгек министри 3 облустагы социалдык мекемелердин ишин текшерди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, министр аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен жолугуп, жөлөкпулдарды дайындоо, калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулады.
Иш сапардын алкагында Алмаз Имангазиев Токтогул шаарындагы социалдык стационардык мекемеге жана Тогуз-Торо районундагы реабилитациялык борборго барып, жарандардын жашоо шарттары жана көрсөтүлүп жаткан кызматтар менен таанышты.
"Социалдык коргоо системасынын натыйжалуулугу отчеттук көрсөткүчтөр менен гана эмес, мамлекеттик колдоо ага муктаж ар бир жаранга канчалык өз убагында жана сапаттуу жетип жатканы менен да аныкталат", - деди министр.
Алмаз Имангазиевдин иш сапарлары Талас жана Ысык-Көл облустарында уланары белгиленди.