Бишкекте курулуш объектилери текшерилип, 1 миллион сом айып салынды
Бишкек шаарындагы бир катар курулуш объектилери каралып, курулуш иштерин уюштурууда жана жүргүзүүдө талаптардын бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Курулуш министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан төмөнкү объектилер текшерилди:
- "Мүрөк" спорттук медицина жана реабилитация борбору;
- Арча-Бешик конушу, Шербет көчөсү 11 дарегиндеги беш кабаттуу кеңсе имараты;
- Карасаев көчөсү 128 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үй;
- Көк-Жар айылындагы 16-тилкеде жайгашкан тогуз кабаттуу турак үй;
- Панфилов көчөсү 11 дарегиндеги эмерек салону.
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди.