Кыргызстанда 6 банкка 370 миң сом айып салынды
Кыргызстанда мыйзам талаптарын бузган алты коммерциялык банкка жалпы 370 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка караганда, төрт коммерциялык банктын ар бирине 65 миң сомдон, дагы эки банкка 55 миң сомдон айып салынган.
Банктар керектөөчүлүк кредиттөө жана сүткорлук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузганы аныкталган.