Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган.
Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт.
Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралат.
Учурда курулуш аянтчасында имараттын пайдубалын тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.