2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы

2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Кыргызстанда жыл сайын, 2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин “Кайгылуу Какей” пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган.

2025-жылы Кыргызстанда 32 кинотеатр иштеп, аларда 247 миңден ашык сеанс көрсөтүлгөн. Кинотеатрларга келген көрүүчүлөрдүн саны 4 млн ашкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Статистикалык маалыматка ылайык, учурда өлкөдө 21 кесиптик театр бар. Алар тарабынан 2025-жылы 1 931 спектакль жана оюн көрсөтүлгөн. Театрлардын 10у Бишкек шаарында жайгашкан.
Республикада 715 клуб тибиндеги маданият мекемеси иштейт. Алардын 90% ашыгы айыл жергесинде. 2025-жылдын аягына карата өлкөдө алты концерттик уюм, анын ичинде 3 филармония иш алып барган. Жыл ичинде концерттик жамааттар жана аткаруучулар 197 концерт тартуулашкан.

Мындан тышкары, Кыргызстанда 66 музей иштеп, алардын фондундагы 211 миңге жакын экспонат көрүүчүлөргө сунушталган. Өлкө боюнча маданият жана эс алуу үчүн 49 парк кызмат көрсөткөн.

Кинотеатрлардын эң көбү Бишкекте — 10, Нарын жана Ош шаарларында бештен, Чүй облусунда төртөө жайгашкан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Таласта 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган "Талас Арена" стадиону ишке берилди

Бишкектеги 2 көчө оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

Ош шаарында жылуулук берүү башталды

Чүйдөгү абакта 500дөй соттолгон жаран ишке тартылды

Ноокат районунда 164 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү