Ноокат районунда 164 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ноокат районунда 164 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат районундагы Каранай айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 164 млн сомду түздү.

Мектептин курулушу 2024-жылдын декабрь айында министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан башталган.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат үч блоктон туруп, үч жана эки кабаттуу окуу корпустарын камтыйт. Ошондой эле мектепте жыйындар залы жана спорт зал каралган.

Жаңы имараттын жалпы аянты 3 миң 209 чарчы метрди түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Бишкектеги 2 көчө оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

Ош шаарында жылуулук берүү башталды

Чүйдөгү абакта 500дөй соттолгон жаран ишке тартылды

Өлкөгө абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйлардын жаңы партиясы алып келинди