Чүйдөгү абакта 500дөй соттолгон жаран ишке тартылды
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинде ширетүүчү цех, эмерек өндүрүшү жана стационардык бетон түйүнү ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Бул демилге мекемедеги өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана соттолгондорду эмгек менен камсыздоого багытталган.
Билдирүүгө ылайык, ачылыш аземине ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев катышып, жаңы өндүрүш жайларынын ишке кириши менен эмгек жамаатын куттуктады.
Ал өндүрүштү өнүктүрүү соттолгондордун эмгекке тартылышына, кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүшүнө жана келечекте өз алдынча жашоого даяр болушуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө №27 мекемеде өндүрүштүн бир нече багыты иш алып барууда. Алардын катарында нан бышыруучу жай, үч ширетүүчү цех, үч тигүү цехи, эмерек цехи жана бетон заводу бар.
Өндүрүштүк иштерге тартылган соттолгондордун жалпы саны 500гө жакындады.
Жаңы өндүрүш объектилери "Келечек" мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде, жеке ишкерлердин колдоосу менен уюштурулду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу