Ош шаарында жылуулук берүү башталды
2-ноябрдан тарта Ош шаарындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдин төрагалыгы алдында өткөн кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынында маалымдалды.
Билдирүүгө караганда, турак үйлөргө жылуулук 4-ноябрдан тарта этап-этабы менен берилет.
Жыйында муниципалдык ишканалардын жана тиешелүү кызматтардын кышка даярдыгы, электр энергиясы, жылуулук жана таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, газдаштыруу иштеринин жүрүшү, трансформатордук көмөкчордондордун абалы жана атайын техникалардын даярдыгы талкууланды.
Жыйынтыгында Эрнис Толтоев жооптуу жетекчилерге кыш мезгилинде шаар тургундарына сапаттуу жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыздап, күтүлбөгөн кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр болууну тапшырды.