Таласта 1,1 млрд сомдук келечектүү долбоорлор пландалууда
Талас шаарын мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында жалпы наркы 1,1 млрд сомду түзгөн жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 2-ноябрдагы иш сапарында маалымдалды.
Билдирүүгө караганда, долбоорлордун катарында 12 чакырым жолду асфальттоо жана тротуарларды куруу, автобекетти реконструкциялоо, заманбап муниципалдык автопаркты куруу каралган.
Ошондой эле шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системаларын мындан ары өнүктүрүү пландалууда.
Бул долбоорлор шаардагы транспорттук жана коммуналдык инфраструктураны жакшыртууга, калк үчүн жашоо шарттарын жогорулатууга багытталган.