Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчулары 5 медаль жеңип алышты

Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчулары 5 медаль жеңип алышты

24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Мелдештер грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча уюштурулду.

Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдагандай, Дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама команда эки күмүш жана үч коло медаль жеңип алды.

Грек-рим күрөшү боюнча коло медаль алгандар:

  • Акжол Махмудов (82 кг чейин);
  • Амантур Исмаилов (72 кг чейин).

Кыз-келиндер күрөшү боюнча:

Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) күмүш медаль тагынды.

Эркин күрөш боюнча:

  • Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) күмүш медалга ээ болсо,
  • Малик Шаваев (86 кг чейин) коло медаль жеңип алды.
Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы грек-рим күрөшү боюнча 14-орунду, кыз-келиндер күрөшү боюнча 10-орунду жана эркин күрөш боюнча 6-орунду ээледи.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районундагы Төө-Жайлоосунда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү пландалууда. Бул тууралуу Райондук администрациядан кабарлашты. Бул максатта Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жеңишбек Асылбек туристтик потенциалы жогору болгон аймактарды жеринен көрүп чыкты. Алардын катарында "Алтын-Бешик" балдар лагери жайгашкан аймак да бар.

Ишкер Media
Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 2021-2026-жылдары 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, беш жаңы объект курулган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Талас облусуна болгон иш сапары учурунда айтылды. Маалыматка ылайык, коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн Yutong үлгүсүндөгү 30 заманбап электробус сатып алынган. Шаарда ишке ашырылган ири долбоорлордун катарында "Баластан" балдар

Ишкер Media
Бишкек Аренанын жанына 2,5 миңден ашык бадал отургузулду

Бишкек Аренанын жанына 2,5 миңден ашык бадал отургузулду

Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей "Бишкек Арена" стадионунун жанындагы 750 чарчы метр аянтка 58 чынар жана 2,5 миңден ашык декоративдүү бадалдар менен көп жылдык өсүмдүктөр отургузулду. Акцияга мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана өнөктөш түзүмдөрдүн 60тан ашык өкүлү катышты. Жаңы жашыл аймак талаа көрүнүшүндө

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан монополияга каршы кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан монополияга каршы кызматташууну күчөтөт

Азербайжандын Ханкенди шаарында Кыргызстандын экономика министринин орун басары Беназир Нурланова менен Азербайжандын Президентине караштуу Монополияга каршы саясат жана керектөө рыногун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Эльнур Багировдун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 61-жыйынынын алкагында уюштурулду. Тараптар

Ишкер Media