"Баткен-тазалык" муниципиалдык ишканасына айып пул салынды
Баткендеги таштанды полигонуна жакын жерде таштанды өрттөлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен башкармалыгынын инспекторлору жеринен текшерип, мыйзам бузууну каттаган.
Рейд жыйынтыгында "Баткен-тазалык" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндөгү кодексине ылайык 23 000 сом айып салынды.
Мындан тышкары мэрияга полигондо көзөмөлдү күчөтүү, күзөт постун коюу, видеокөзөмөл орнотуу жана таштандыны өз убагында тазалоо тапшырмасы берилди.