Бишкек - Алматы мэриясы кызматташуу боюнча план кабыл алышты
Бишкек шаарынын мэриясы менен Алматы шаарынын акиматы 2026–2030-жылдарга карата иш-чаралар планын кабыл алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан бүгүн маалымдады.
Маалым болгондой, документ эки шаардын боордоштук мамилелерин мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган.
Ошондой эле маданий, билим берүү, жаштар жана спорт багыттарындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, шаардык чөйрөгө заманбап чечимдерди жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.