Нарында мыйзамсыз жайыт курулушу буздурулду

Нарында мыйзамсыз жайыт курулушу буздурулду

Нарын облусунда суу ресурстарын пайдалануу үчүн 1 млн 225 миң 331 сом төлөм түшүп, жайыт жерине мыйзамсыз курулган мал сарайы буздурулду. Бул тууралуу Айыл чарма министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунун "Миң-Куш" тилкесинде кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар 2026-жыл үчүн суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн белгиленген төлөмдөрдү төлөштү.

Төлөмдөр суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүнө жана техникалык долбоордо көрсөтүлгөн көлөмгө ылайык жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, президенттин №109 Жарлыгын аткаруунун алкагында Ат-Башы районундагы Чой-Жап өрөөнүндө жайыт жерлеринин пайдаланылышы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жайыт жерине мыйзамсыз курулган мал чарба сарайы аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлгөндөн кийин буздурулду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги 2 көчө оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

Ош шаарында жылуулук берүү башталды

Чүйдөгү абакта 500дөй соттолгон жаран ишке тартылды

Ноокат районунда 164 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Өлкөгө абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйлардын жаңы партиясы алып келинди