Казакстанга кирүүнүн электрондук уруксат алуу тартиби
2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Казакстан чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук уруксат (ETA) системасын этап-этабы менен киргизе баштайт. Жаңы тартип Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, система Казакстан өкмөтүнүн 2026-жылдын 10-октябрындагы №890 токтомунун негизинде ишке ашырылат.
Электрондук уруксат үч этап менен киргизилет:
- 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Актау эл аралык аэропортунда, Павлодар облусундагы “Үрлүтөбе”, Жамбыл облусундагы “Аухатты”, Түркстан облусундагы “Атамекен” жана Жетису облусундагы “Нурлы Жол” автомобиль өткөрүү пункттарында;
- 2027-жылдын 1-январынан тартып Астана жана Алматы шаарларынын эл аралык аэропортторунда;
- 2027-жылдын 1-мартынан тартып Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы бардык өткөрүү пункттарында колдонулат.
Билдирүүгө караганда, электрондук уруксат QazETA санариптик платформасы аркылуу алдын ала таризделет. Арыз өлкөгө кирүү пландалган күнгө чейин кеминде 72 саат мурда берилүүгө тийиш. Уруксат 180 календардык күнгө жарактуу болот.
2026-жылдын 1-ноябрынан 2027-жылдын 30-июнуна чейин электрондук уруксаттын жоктугу Казакстанга кирүүдөн баш тартууга негиз болбойт. Ал эми 2027-жылдын 1-июлунан тартып уруксаттын болушу милдеттүү талапка айланат. Анын жоктугу өлкөгө киргизүүдөн баш тартууга негиз болушу мүмкүн.
ТИМ электрондук уруксаттын болушу Казакстанга кирүүгө автоматтык түрдө кепилдик бербей турганын да эскертти. Өлкөгө кирүүдөн баш тартуу Казакстандын “Калктын миграциясы жөнүндө” мыйзамынын 48-беренесинде каралган негиздер боюнча мүмкүн.

