Кыргызстан - БАЭ соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселеси каралды
Айыл чарба министринин орун басары Рысгуль Акимжанова Дубай соода палатасынын Жакынкы Чыгыш жана КМШ аймагы боюнча директору Абдулла Бакер менен жолугушту. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, сүйлөшүүдө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы агроөнөр жай комплекси тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, айыл чарба тармагына инвестицияларды тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Мындан тышкары, агрардык тармакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында тараптар айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси багытындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу