Республика боюнча 61,8 миң гектарга күздүк эгин себилди
Өлкө боюнча 2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин себүү иштери уланууда. Айыл чарба министрлиги билдиргендей, 61 миң 825 гектарга күздүк дан эгиндери себилди.
Билдирүүгө караганда, күздүк буудай 59 миң 520 гектар аянтка, ал эми күздүк арпа 2 миң 323 гектар аянтка себилди.
Анын ичинен күздүк буудайдын 51 миң 620 гектары жана күздүк арпанын 2 миң 293 гектары сугат жерлерге туура келет.
Ал эми буудайдын 7 миң 600 гектары, арпанын 30 гектары кайрак жерлерге себилди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу