Чүйдө аңчылык эрежесин бузган эки жаранга айып салынды

Чүйдө аңчылык эрежесин бузган эки жаранга айып салынды

Чүй облусунда аңчылык эрежелерин бузган эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыкка жарандардан Төмөнкү Чүй айылынын аймагында кыргоолдорду атып жатышканы тууралуу кайрылуулар түшкөн.

Анын негизинде аталган министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда айылдын айланасындагы талааларда аңчылык кылып жүргөн эки жаран аныкталган.

Текшерүүдө алардын аңчылык жүргүзүүгө мыйзамдуу уруксат документтери бар экени, бирок аңчылыкта Джек-рассел породасындагы итти колдонууга уруксат берүүчү документи жоктугу белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык эки протокол түзүлүп, жарандарга жалпы 25 миң сом айып пул салынган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте үй шартында мыйзамсыз алкоголь өндүргөн жай аныкталды

Россияда электросамокат жана электр велосипеддерин колдонуу эрежелери катаалдашы мүмкүн

Республика боюнча 61,8 миң гектарга күздүк эгин себилди

Кимге ишенип акча бересиз? КРУБ лицензиясыз компаниялардан сак болууга чакырды

Кыргызстан - БАЭ соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселеси каралды