Президенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн 260тан ашык адис окутулду

Президенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн 260тан ашык адис окутулду

Жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо жана президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча 260тан ашык адис окутулду. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, тренингдер 20-29-октябрь күндөрү Бишкек, Нарын, Талас, Каракол шаарларында жана Чүй облусунда өттү.

"Иш-чараларды БШКнын жарандардын айрым категорияларынын жана майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу уюштурду. Окутууда мамлекеттик органдар менен шайлоо комиссияларынын кызматташуусу, санариптик кызматтар, шайлоочуларга маалымат берүү жана шайлоо участкасынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери каралды", - деп жазылат маалыматта.

Окууда майыптыгы бар жарандардын, аскер кызматкерлеринин, камак жайлардагы жана социалдык мекемелердеги адамдардын шайлоого катышуусун камсыздоо, добуш берүүнүн жашыруундугун сактоо жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү талкууланган.

Тренингдерге шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, социалдык жана медициналык мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Алар алган билимдерин президенттик шайлоонун алдында кесиптештерине өткөрүлүүчү окутууларда колдонушат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Министр Токтобаев Таластагы токой чарбасына барды

Казакстанга кирүүнүн электрондук уруксат алуу тартиби

Грузия парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди

Таласта райондор жана облустар аралык автобус каттамдары уюштурулат

Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча авиакаттамдар токтотулду