Грузия парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
2-ноябрда Грузиянын Парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили Кыргызстанга расмий сапар менен келди.
Жогорку Кеңештен маалымдагандай, төраганы "Манас" эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Папуашвили сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу