Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча авиакаттамдар токтотулду

Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча авиакаттамдар  токтотулду

 Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча авиакаттамдар кышкы мезгилге токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирет. Маалыматка ылайык, бул чечим Египетте чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежелеринин өзгөрүшү менен байланыштуу болууда.

"Маалымдалгандай, акыркы рейс үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында аткарылат. Буга чейин авиабилет сатып алган жүргүнчүлөргө акча каражатын кайтарып алуу, сапардын мөөнөтүн жылдыруу же учуунун башка альтернативдүү жолдору тууралуу маалымат алуу үчүн тиешелүү авиакомпанияларга жана туроператорлорго кайрылуу сунушталат.Каттамдар качан кайра жанданары кийинчерээк кабарланат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги 1-ноябрдан тарта Египет Кыргызстандын жарандары үчүн өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерин киргизгенин маалымдаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чүйдө аңчылык эрежесин бузган эки жаранга айып салынды

Кыргызстан - БАЭ соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселеси каралды

Министр Токтобаев Таластагы токой чарбасына барды

Казакстанга кирүүнүн электрондук уруксат алуу тартиби

Грузия парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди