Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди
Бүгүн саат 08:40 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда күчү 3,5 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, анын очогу Бор-Дөбө айылынан 9 километр түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер силкинүү Оштун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу