Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн уюштурулган акысыз медициналык консультациялар жыйынтыкталды.

Акысыз медициналык кабыл алууну Улуттук онкология жана гематология борборунун тажрыйбалуу дарыгерлери жүргүзүштү.

Белгиленгендей, жарандар маммолог-онколог, гинеколог-онколог, жалпы онколог, балдар онкологу жана УЗИ адистеринен консультацияларды алышты.
Медициналык консультациялар 2–3-ноябрда Тоң райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда, 4-ноябрда Жети-Өгүз райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жана 5–6-ноябрда Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында үч аймак боюнча жалпы 1 034 жаран дарыгерлердин кабыл алуусунан өтүп, тиешелүү медициналык консультацияларды жана сунуштарды алышты.

Аталган иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаевдин колдоосу жана "Кереметке ишенем" коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды