Дүйнө чемпиондугу: Кыргыздын самбо боюнча курамасы 7 медаль жеңди

Дүйнө чемпиондугу: Кыргыздын самбо боюнча курамасы 7 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын самбо боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугунда бир алтын, бир күмүш жана беш коло медаль жеңип алды.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдештер 6–8-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн.
Дүйнө чемпионатына 101 өлкөдөн келген 500 ашык спортсмен катышты.

Адтын медалды көзү азиз спортчулар арасындагы самбо боюнча (SVI-1) 50 кг чейинки салмакта Надежда Рак жеңип алды.

Күмүш медалга күжүрмөн самбо боюнча 54 кг чейинки салмакта Акак Үсөн кызы ээ болду.

Коло медалдарды төмөнкү спортчулар жеңип алышты:

  • Феликс Уланбеков - спорттук самбо, 79 кг чейин;
  • Кимал Оболбеков - спорттук самбо, 58 кг чейин;
  • Сүймөнкул Молдобеков - спорттук самбо (SVI-1), 64 кг чейин;
  • Даниель Асеков - күжүрмөн самбо, 58 кг чейин;
  • Мераида Медетбек кызы - күжүрмөн самбо, 65 кг чейин.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Мамлекеттик автомектептерге 70 жаңы автоунаа тапшырылды

Кара-Балтада 5 жылда 7 жаңы өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилген

Бишкекте №23 автобус каттамы эки өз алдынча каттамга бөлүндү

Ысык-Көлдүн жээгинде от жаккан жаран аныкталды

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди