Бишкекте 10 жылдан бери курулушу бүтпөгөн турак жайдын маселеси каралды
Кечээ Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда 10 жылдан бери токтоп турган турак үйдүн курулушун бүткөрүү маселеси каралды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.
Министрдин орун басары Бакай Турдугулов аталган курулуш объектисине барып, үлүш ээлери менен жолукту.
Маалым болгондой, "Альянс курулуш плюс" компаниясы тарабынан 2016-жылы башталган беш кабаттуу турак үйдүн курулушу бүгүнкү күнгө чейин аяктаган эмес.
Жалпы беш блоктон турган объектиде эскиздик долбоор боюнча 120 батир каралган. Курулуш иштери ар кандай баскычта токтоп калган. Мындан тышкары, объект тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок курулган.
Бакай Турдугулов белгилегендей, объект министрликтин карамагына өткөндөн кийинки негизги максат — курулушту аягына чыгарып, үлүш ээлерин батирлерине киргизүү.
Алдыда объектти министрликтин карамагына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди тариздөө иштери башталат. Ошондой эле имараттын техникалык абалын аныктоо максатында адистер тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, техникалык корутунду даярдалат.